
28-майда Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы билдирди
27-майда социалдык тармактарда курал колдонулган делген мушташтын видеосу тараган. Бул факты боюнча бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголду.
Милиция кызматкерлери 2000-жылы туулган А.М. жана 1997-жылы туулган К.И. аттуу шектүүлөрдү кармашты. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалгандардын биринен оюнчук тапанча табылган.
Мындан тышкары, мушташка катышы бар башка адамдар да аныкталды. Алардын аракеттерине юридикалык баа берилет.