
.
Кемин районунда адам өлтүрүүгө шек саналып 57 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 29-январда Борду айылында жайгашкан эки бөлмөлүү үйдүн ичинен 48 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган. Маркумдун сөөгү керебеттин үстүндө бычакталган абалда болгон. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөөдө шектүү менен маркум чогуу малчы болуп иштеп жүрүшкөнү аныкталган. 28-январь күнү саат 22:00 чамасында алар спирт ичимдиктерин ичип отурушуп чырдаша кетишкен. Натыйжада, 57 жаштагы жаран шеригин бычактап, куралды ажатканага ыргытып салган. Бычак далил буюм катары табылып, алынган.
Учурда тиешелүү соттук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.