
.
Кереметтүү Ала-Арча капчыгайында куткаруучулар эс алуучулардын бирине кезектеги жардам көрсөттү. Алар жогорку кесипкөйлук менен жардамга даяр экендигин дагы бир жолу далилдешти.Тоо койнунда эс алып жүргөн шаар тургундарынын биринин кан басымы төмөндөп, жардам чакырышкан.Куткаруучулар жабырлануучуга алгачкы жардамын көрсөткөн соң, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.Мындан улам жардам көрсөтүлгөн аялдын жакындары куткаруучулардын адамгерчиликтүү мамилесине ыраазычылыктарын билдиришкен.


