
.
2026-жылдын 26-январында саат 03:54 чамасында Кыргызстандын аймагында жер титирөө болгонун Сейсмология институту маалымдады.
Такталган маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу 40°21 түндүк кеңдикте жана 73°17 чыгыш узундукта жайгашып, MSK-64 шкаласы боюнча күчү 4 магнитудага жеткен.
Жер силкинүүсү Ош облусунун Алай районундагы Кабылан-Көл айылында 3,5 балл, ал эми Кара-Суу районунун Алга-Бас, Лаглан, Тогуз-Булак жана Тээке айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Очок Кабылан-Көл айылынан 3 чакырым түндүк-чыгышта, Алга-Бас айылынан 5 чакырым түштүк-батышта орун алган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Учурда абал тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө.



