
.
Бишкектеги «Жунхай» базарында чыккан өрттөн 25 контейнер зыян тартты. Өрт каптаган аймактын аянты болжол менен 1 миң чарчы метрди түздү.
Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 275-беренесинин 2-бөлүгү («Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу, этиятсыздыктан оор же өзгөчө оор залал келтирүү») менен кылмыш иши козголду. Учурда соттук өрт-техникалык экспертиза дайындалды.
Алдын ала маалыматка ылайык, өрт Ибраимов көчөсүндө жайгашкан кампалардын биринен чыгып, андан ары жанындагы люстралар жана башка жарык берүүчү жабдуулар сакталган контейнерлерге жайылган.
Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 45 кызматкерден турган жети өрт өчүрүүчү тобу тартылган.
Окуядан жабыркагандар жана жаракат алгандар катталган жок.



