
.
Ош облусунда жер тилкелерине документтерди бир килограмм палоо, саунага баруу же аз өлчөмдөгү акча үчүн берип койгон учурлар катталган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Манас шаарынын жана Сузак районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Жолугушууда жер маселеси көтөрүлүп, мамлекет башчысы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө мындай көйгөйлөрдү чечүү үчүн жетиштүү ыйгарым укуктар берилгенин белгиледи. Анын айтымында, Ош облусунда бир эле жер тилкеси беш башка адамга бөлүнүп берилген учурлар да болгон.
Президент Кара-Суу районунда СССР тарагандан тартып 2020-жылга чейин айрым айыл өкмөт башчылары жер бөлүштүрүү боюнча токтомдорду мыйзамсыз тариздеген учурлар болгонун айтты.
«Кара-Сууда айыл өкмөт башчылары СССР тарагандан тартып 2020-жылга чейин токтомдорду унаанын багажнигине салып жүрүп, мөөр басып, фамилияларды жазып, гектарлап таратышкан. Бир килограмм палоо, саунага баруу, эс алуу же 1-2 миң сом үчүн сатышкан. Жердин өзүн да көрсөтпөй, көчөдөн эле таратып жиберишкен. Азыр биз мунун баарын тартипке келтирип жатабыз», — деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы учурда жер тилкелерине байланыштуу мыйзамсыз аракеттер териштирилип, көйгөйлөрдү жөнгө салуу иштери жүрүп жатканын кошумчалады.



