
.
Тиешелүү мыйзам долбоорун ЖК депутаттары Эркайым Сейитказиева, Гүлнара Акимбаева жана Венера Салямовалар сунуштаган. Документтин негиздемесинде үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көбөйгөндүгү белгиленген.
Сунуштагы негизги жагдайлар төмөнкүлөр:
⚫️ Кол көтөрүүнү өзүнчө административдик укук бузуу катары кароо сунушталууда. Эгер аракетте кылмыштын белгилери жок болсо, 7 күндөн 14 күнгө чейин камакка алуу жазасы каралат
⚫️ Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренесине өзгөртүү киргизип, үй-бүлө мүчөсүнө жеңил залал келтирилсе өзүнчө жоопкерчилик белгилөө сунушталууда. Мас болуп жасалса, кайра кайталанса, өзгөчө ырайымсыздык менен жасалса же балдардын көзүнчө болсо, жаза катаалдаштырылат
⚫️ Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” боюнча беренесине өзгөртүү киргизип, сексуалдык кылмыштарды аныктоодо ыктыярдуу макулдуктун жоктугун негиз кылуу сунушталууда. Жабырлануучунун күч менен каршылык көрсөтпөгөнү жыныстык катнашка макул болгонун билдирбей турганы айтылды
⚫️ Милиция кызматкерлерине жаңжал чыгарган адамдын куралын соттук териштирүүнү күтпөстөн, бир айга чейин алып коюу укугун берүү сунушталууда. Андан кийин соттук көзөмөл жүргүзүлөт
⚫️ Зомбулукту кайталап жасаган жана коркунучу жогору адамдарды сот түзөтүү курсуна милдеттүү түрдө жөнөтүшү керек. Ошондой эле мыйзамдагы “бир жыл ичинде” деген чектөөнү алып салуу сунушталууда
⚫️ Үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн адамга алкоголдук ичимдиктерди жана баңгизаттарды колдонууга тыюу салуу каралууда
⚫️ Эгер зомбулук көрсөткөн адам башкаларга коркунуч жаратууну улантса, аны административдик тартипте кармоо мөөнөтүн кадимки үч сааттын ордуна 48 саатка чейин узартууга уруксат берүү сунушталууда
Булак: Sputnik_Kyrgyzstan_KG



