
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн бир нече эл аралык каналдарынын ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу УКМКнын 23-октябрдагы маалыматына ылайык белгилүү болду.
Маалыматка караганда, жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Түштүк-Чыгыш Азиядан Кыргызстанга ири көлөмдөгү марихуананы жеткирүүгө тиешеси бар эл аралык баңгизат тобу аныкталган. Ошондой эле өлкө аймагында баңгизаттарды ташуу, сактоо жана таратуу менен алектенген Кыргызстандын жарандарынын тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган.
Мындан тышкары, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон иштердин алкагында Кыргызстанда баңгизаттарды, анын ичинде синтетикалык түрлөрүн сатуу менен алектенген бир нече трансулуттук топ аныкталган.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы наркы 15 млн сомдон ашкан мефедрон синтетикалык баңгизаты, гашиш жана марихуана алынган.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар деген шек менен Кыргызстандын төрт жараны кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.



