
.
Акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөштүн алкагында мамлекетке 352 миллиард сом же 4,14 миллиард долларга барабар каржылык активдер, мамлекеттик мүлк, жер тилкелери жана башка материалдык баалуулуктар кайтарылды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коллегиялык жыйынында маалымдалды. Маалыматка ылайык, өндүрүлгөн каражаттар толугу менен Президенттин турукташтыруу фондунун атайын эсебине которулган.
Аталган каражаттар мамлекет башчысынын жеке тапшырмасы менен гана социалдык жактан маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өлкө жарандарынын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталат.