
Кыргызстанда сафлор эгүү көлөмү көбөйүп, жаңы сорттор жогорку түшүмдүүлүктү көрсөтүүдө.
2025-жылы республика боюнча 8105 гектар аянтка сафлор эгилип, 8112,2 тонна түшүм жыйналган. Орточо түшүмдүүлүк 10,1 ц/га түздү.
2026-жылдын түшүмү үчүн май өсүмдүктөрү 14,8 миң гектарга пландалып, анын ичинен 12,5 миң гектарына сафлор эгүү каралууда.
Өткөн жылы жаңы сорттор сыноодон өткөрүлүп, жакшы жыйынтыктарды көрсөттү. Россиядан алып келинген “Петрович” сорту гектарына 24 центнер, ал эми Түркиянын “Ника” сорту 17 центнер түшүм берген. Сыноо Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жүргүзүлгөн.