
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгына караган Беш-Бадам каналында бетон полотно төшөө иштери расмий түрдө башталды.
Аталган каналдын жалпы узундугу 3 чакырымды түзөт. Анын ичинен 700 метри өткөн жылы бетон менен капталып бүткөрүлгөн. Калган бөлүгүн бүтүрүү иштери 2026-жылга каралып, учурда активдүү түрдө жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө курулуш иштерине керектүү атайын техникалар тартылып, башкармалыктын кызматкерлери толук кандуу жумушка мобилизацияланган. Бардык иштер белгиленген планга ылайык жана тыкыр көзөмөл алдында жүргүзүлүүдө.
Беш-Бадам каналындагы бетон полотно төшөө иштери толук аяктагандан кийин суунун жоготуусу азайып, сугат суусу үзгүлтүксүз жана натыйжалуу жеткирилет. Бул өз кезегинде Беш-Бадам айыл аймагындагы 220 гектар айыл чарба жерин туруктуу сугат суу менен камсыз кылууга шарт түзөт.







