
Москвада өткөн ЕАЭБ жыйынында экспортту өнүктүрүү жана соодадагы тоскоолдуктарды жоюу маселелери каралды.
Москва шаарында Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин жыйыны өтүп, ага Кыргызстандан барган делегацияны Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев жетектеди. Жыйынга ошондой эле тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттер ортосундагы экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, товарларды маркировкалоо системасын жакшыртуу жана өз ара соодадагы тоскоолдуктарды жоюу маселелери талкууланды. Мындан тышкары техникалык жөнгө салуу, санариптик чечимдерди киргизүү жана продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча пикир алмашуу болду.
Кыргыз тарап айыл чарба продукциясын тышкы рынокторго чыгарууну активдештирүү жана ЕАЭБ алкагындагы кызматташууну кеңейтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.
Жыйынтыгында тараптар интеграциялык процесстерди тереңдетүү жана биргелешкен чечимдерди ырааттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.