
.
Кыргыз опера өнөрүнүн көрүнүктүү өкүлү, СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу маркумдун жакындары билдиришти.
Кайыргүл Сартбаева 1936-жылы 20-июнда Кемин районунун Кара-Булак айылында төрөлгөн. Ал Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясын аяктагандан кийин, 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти болуп эмгек жолун баштаган.
Чыгармачылык жолунда ырчы 50дөн ашык опералык партияны аткарган. Алардын катарында «Айчүрөк» операсындагы Айчүрөк, «Манас» операсындагы Каныкей, «Токтогулдагы» Калыйман, Пётр Чайковскийдин «Евгений Онегин» операсындагы Татьяна, Жакомо Пуччининин «Чио-Чио-Сан» операсындагы Баттерфляй жана Жузеппе Вердинин «Аида» операсындагы башкы каарман бар.
Ал опералык чыгармалардан тышкары камералык ырчы катары да таанылган. Кыргыз композиторлорунун көптөгөн чыгармаларын алгачкылардан болуп аткарып, улуттук музыка өнөрүнүн өнүгүшүнө салым кошкон. Ырчынын арияларынын, романстарынын жана ырларынын 600гө жакын жазмасы Кыргызстандын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын «Алтын фондуна» киргизилген.
1980-жылы Кайыргүл Сартбаевага СССРдин эл артисти деген ардактуу наам ыйгарылган.
Мындан тышкары, ал педагогикалык ишмердүүлүк менен да алектенип, бир катар окуу жайларда вокалдан сабак берген. 1986–1989-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору болуп иштеген.
Кайыргүл Сартбаева кыргыз музыкасынын тарыхында өзгөчө из калтырып, улуттук опера өнөрүнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон.