
.
Бүгүн, 14-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Бакасов Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишин сынга алып, Нарын шаарындагы жолдордун оңдолушу кечеңдеп жатканын билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, Нарында бир катар жолдордун курулушу башталбай, айрым иштер аягына чыга элек. Ал министр буга чейин жолдорду бүтүрүү боюнча убада бергенин, бирок азырынча жыйынтык жок экенин белгиледи.
«Министр жок экен, бетине эле айтмакмын. Нарында көптөгөн жолдор калып кетти. Төрага, өзүңүз билесиз, сизди министрге чалдырткам. Ошондо сизге да, мага да сөз берген. Бирок жол дагы деле баштала элек. Нарын шаарынын жолунун 50 пайызы бүтө элек. Качан бүтөт?» — деди Бакасов.
Буга жооп берген транспорт министринин орун басары Бактылуу Момбеков жолдорду оңдоо иштери быйыл аяктай турганын билдирди.



