
.
Кыргызстанда Даун синдрому бар балдарга медициналык-социалдык экспертизадан (МСЭК) биринчи жолу өткөндө майыптык категориясы 18 жашка толгонго чейин кайрадан күбөлөндүрүүдөн өтүү мөөнөтү көрсөтүлбөстөн белгиленет.
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү маалымат жыйынында билдиришти.
Министрликтин маалыматына ылайык, тиешелүү өзгөртүүлөр аутизм спектринин бузулуулары бар балдарга да тиешелүү. Аутизмдин жеңил даражасында майыптык беш жылдык мөөнөткө белгиленет. Ал эми оор даражасында биринчи жолу медициналык-социалдык экспертизадан өткөн балдарга майыптык категориясы 18 жашка чейин кайра күбөлөндүрүүсүз берилет.
18 жашка толгондон кийин бул жарандарга майыптыктын тиешелүү тобу мөөнөтсүз белгиленет.
Эмгек министрлиги балдардын айрым категориялары үчүн кайрадан күбөлөндүрүүдөн өтүү тартиби МСЭК системасын реформалоонун алкагында кайра каралып чыкканын белгиледи.