
.
Жогорку Кеңеште энергетикалык суусундуктардын жүгүртүлүшүн жана алардын жашы жете электерге жеткиликтүүлүгүн иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.
Парламенттин маалыматына караганда, комиссия энергетикалык суусундуктарды жана жаштардын ден соолугуна терс таасир этиши мүмкүн болгон башка азык-түлүктөрдүн сапатын, коопсуздугун, сатылышын жана бул багыттагы мамлекеттик көзөмөлдүн натыйжалуулугун изилдейт.
Комиссия түзүү демилгесин «Ынтымак – Мекенчил» депутаттык тобу көтөргөн. Маселе боюнча маалыматты топтун жетекчиси Талант Мамытов берди.
Комиссиянын курамына Азамат Исираилов, Азамжан Жалилов, Жаныбек Аматов, Адилет Белеков, Талант Мамытов, Бекмырза Чолпонбай уулу, Нуржамал Торобекова, Илимбек Кубанычбеков, Махабат Мавлянова, Дастанбек Жумабеков жана Алишер Козуев кирди.







