
.
Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Токой кызматынын материалдык-техникалык базасы жаңыланды. Мекемеге 55 компьютер, принтерлер, 559 планшет жана дрондор сатып алынды.
Токой кызматынын маалыматына караганда, планшеттер менен дрондор тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда иштеген кызматкерлерге берилет. Жаңы техникалар алардын ишин ыкчам жүргүзүүгө жана токойлорду көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Мындан тышкары, мекемеге JAC үлгүсүндөгү автоунаалар, экскаватор жана JAC T9 пикаптары берилген.
Атайын техника тоолуу аймактарда рейддерди уюштуруу, токойду кайтарган кызматкерлерди керектүү жерлерге жеткирүү, өрт өчүрүү жана көчөт отургузуу иштеринде, ошондой эле зарыл болгон жабдууларды ташууда колдонулат.







