
.
Кыргызстанга келген германиялык турист тоолуу аймакта курбусу экөө бейтааныш эркек тарабынан аңдылганын айтып чыкты. Окуя тартылган видео социалдык тармактарда тарады.
Туристтин айтымында, алар тигип алган чатырга белгисиз киши келип, күйөөлөрү бар-жогун сураган. Андан соң эркек алардын жанынан кетпей отуруп алган.
Кыздар телефондун камерасын күйгүзүп, окуяны тарта баштагандан кийин гана ал адам кетип калган.
Милиция туристтердин кайрылуусунан кийин бейтааныш эркекти издөө иштери жүрүп жатканын билдирди.







