
.
Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында айланып өтүүчү жолдун курулушу уланууда. Узундугу 9 чакырымды түзгөн жол эки тилкелүү болуп, заманбап талаптарга ылайык салынууда.
Маалыматка ылайык, жолдогу негизги инженердик курулуштар, анын ичинде суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери аяктады. Учурда жолго асфальт-бетон төшөлүп жатат.
Жаңы жол аркылуу Ала-Бука, Сары-Челек жана Кош-Дөбө тарапка бара жаткан унаалар Кербендин борборуна кирбей, шаарды айланып өтө алышат.
Бул шаар ичиндеги унаа агымын азайтып, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга шарт түзөт. Ошондой эле Чаткал жана Ала-Бука райондоруна каттаган айдоочулар үчүн жол жүрүү ыңгайлуу жана коопсуз болот.







