
Бүгүн, 26-майда Нарын шаарынын эли Кытайдан Кыргызстанга атчан келген этникалык кыргыз кыздарды тосуп алышты
Маалыматка ылайык, тосуп алуу иш-чарасы Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта өткөн. Анда облустук, шаардык жана райондук бийлик өкүлдөрү Риза Дүйшөн кызы жана Гүлсанат Бейшен кызына элдин ынтымагы үчүн баштаган сапарына ийгилик каалашкан. Салтанат маданий программа менен коштолуп, кыздарга үкү тебетей белек кылышкан.