
.
Бишкекте электросамокаттардын кыймылы үчүн өзүнчө жол бөлүү сунушу айтылды. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов билдирди.
Анын айтымында, самокат айдагандардын арасында жол эрежелерин сактабагандар көбөйүп, жөө жүргүнчүлөрдүн, анын ичинде балдар менен улгайган адамдардын коопсуздугуна коркунуч жаралууда. Айрым учурларда самокатчылар жөө адамдарды сүзүп кеткен фактылар да катталган.
Депутат бул маселени жөнгө салуу максатында электросамокаттар үчүн өзүнчө жол тилкесин бөлүүнү сунуштады. Ошондой эле ал милиция өкүлдөрүнөн көйгөйдү чечүү боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууну өтүндү.



