
.
Министрлер кабинети Кыргызстанга эл аралык интернет-трафикти жеткирүү укугун «ЭлКат» мамлекеттик компаниясына берүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Документке ылайык, компанияга бул багытта мөөнөтсүз өзгөчө укук берилет. Мындан ары башка интернет-провайдерлер эл аралык байланыш каналдары боюнча келишимдерин «ЭлКатка» өткөрүп, интернет-трафикти аталган компаниянын инфраструктурасы аркылуу гана алышы керек болот.
Бул талаптарды аткаруу үчүн провайдерлерге токтом күчүнө кирген күндөн тартып 60 күн убакыт берилет.
Министрлер кабинети мындай чечим өлкөнүн санариптик эгемендүүлүгүн бекемдөө, эл аралык маалымат агымдарына мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максатында кабыл алынганын белгиледи.



