
.
Тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен Кыргыз Республикасында стратегиялык өнөктөштүктү баштаганын жарыялашты.
MBANK Башкармалыгынын төрагасы Максатбек Ишенбаев жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Жунг Тапа банктын ЮНИСЕФтин Балдар маселелери боюнча бизнес-консультативдик кеңешине кошулуусу тууралуу документке кол коюшту. Бул өнөктөштүктүн алкагында банктын экосистемасын жана MJunior балдар колдонмосун өнүктүрүү аркылуу үй-бүлөлөрдүн каржылык сабаттуулугун системалуу түрдө жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Банк туруктуу өнүгүүнүн ESG принциптерин корпоративдик ишмердүүлүгүнө ырааттуу киргизип, балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган социалдык демилгелерди ишке ашырып келет.
MBANK, Кыргызстандын өнүмү!
КР Улуттук банкынын № 014 лицензиясы.



