
.
Ош облусунун Кара-Суу районунда жол кырсыгынан 7 жана 12 жаштагы эже-сиңди каза болду.
Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, кырсык 17-ноябрда эртең менен Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун 5-чакырымында, Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылында болгон.
Анда Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаанын 18 жаштагы айдоочусу эки кызды сүзүп кеткен. Алар оор жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Бирок 18-ноябрда эже-сиңди алган жаракаттарынан улам ооруканада каза болушкан.
Аталган факт Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Айдоочу тергөө кызматына жеткирилип, унаа айып короого токтотулду.



