
Бул жолугушуу CACFish комиссиясынын 2025–2027-жылдарга карата иш программасынын алкагында өткөрүлүп, аталган багытта мурда башталган иштердин уландысы болуп саналат
2026-жылдын 21–22-май күндөрү Баку шаарында Борбор Азия жана Кавказ аймагындагы Балык чарбасы жана аквакультура боюнча регионалдык комиссиясынын (CACFish) балык уулоо куралдарын колдонуу жана кармоолорду эсепке алуу боюнча маалыматтарды чогултуу системасын иштеп чыгууга арналган регионалдык эксперттик жолугушуусу болуп өттү.
Бул жолугушуу CACFish комиссиясынын 2025–2027-жылдарга карата иш программасынын алкагында өткөрүлүп, аталган багытта мурда башталган иштердин уландысы болуп саналат.
Иш-чаранын негизги максаты — CACFish жоопкерчилик аймагында ички балык уулоодо колдонулган балык уулоо куралдары боюнча маалыматтарды чогултуунун пилоттук системасын иштеп чыгуу болуп саналат. Бул демилге 2025-жылы өткөн Комиссиянын 9-сессиясынын чечимин ишке ашыруу максатында жүргүзүлүп, балык уулоо куралдары жана аларга байланышкан кармоолор боюнча маалыматтарды чогултуунун сыноо системасын түзүүнүн биринчи этабы болуп эсептелет.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык чарба комплекси департаментинин кызматкерлери катышты.
Эксперттик жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү «Кыргыз Республикасында ички балык уулоодо маалыматтарды чогултуунун улуттук системасы» аттуу презентация менен чыгып, анда өлкөдөгү балык чарбасынын учурдагы абалы, негизги балык уулоо куралдары, ички балык уулоо тармагындагы колдонулуп жаткан техникалык регламенттер, ошондой эле маалыматтарды чогултуу системасы тууралуу маалымат берилди.
Мындан тышкары, Департаменттин өкүлдөрү жолугушуунун катышуучуларына CACFish тарабынан каржыланып жаткан «Кыргыз Республикасында балык жана балык продукциясынын байкоо (прослеживаемость) системасын иштеп чыгуу жана киргизүү» долбоорунун ишке ашырылышы тууралуу маалымат беришти.
22-май күнү кызматкерлер “Биологиялык ар түрдүүлүктү коргоонун эл аралык күнүнө арналган форумга” жана Каспий деңизин осетр балыктарынын чабактары менен балыктыруу иш-чарасына катышты. Ошондой эле “Азербайжан” балык чарбасында осетр балыктарын өстүрүүнүн толук технологиясы менен таанышып чыкты.