
"Газпром Кыргызстан" компаниясы карызы бар абоненттерге газ берүү токтотуларын эскертти
Компания 1-июнга чейин газ үчүн төлөмдү толук жүргүзүү зарыл экенин билдирди.
Карыздын көлөмүн төмөнкү жолдор менен билсе болот:
— ай сайын берилүүчү эсеп-дүмүрчөктөн;
— gazprom.kg сайтындагы жеке кабинет аркылуу;
— "Газпром Кыргызстан" мобилдик тиркемесинен;
— "Мой дом" колдонмосу аркылуу.
Газ үчүн төлөмдөр компаниянын филиалдарында, ошондой эле электрондук капчыктар жана банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу кабыл алынат.
Карыз толук жабылгандан кийин газ берүү үч иш күндүн ичинде, акы төлөнүүчү негизде кайра жандантылат.