
Ысык-Көл облусунда 100 гектар аянтта токойлорду калыбына келтирүү боюнча ири иштер башталары тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады
Министрликтин маалыматына ылайык, Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн адистери Балыкчы токой кызматынын өкүлдөрү жана “Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу – АДАПТ” долбоорунун алкагында БАЛИ окуусунан өткөн токой пайдалануучулар менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда Балыкчы токой чарбасында ишке ашырыла турган токойлорду калыбына келтирүү иштери талкууланды. Пландын алкагында Кум-Булуң тилкесиндеги 100 гектар жерге ар түрдүү көчөттөр отургузулат. Алардын ичинде мөмөлүү дарактар, ошондой эле терек жана тал көчөттөрү бар. Жалпы аянттын 80 гектарын мөмө берүүчү бак-дарактар ээлейт. Көчөттөрдүн сакталышын камсыздоо үчүн аймактын айланасына жалпы узундугу 8648 метр болгон темир тор тосмо орнотуу каралууда.
Бул иш-чаралар токой экосистемасын калыбына келтирүүгө, жаратылыш ресурстарын сактоого жана аймактардын климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулугун жогорулатууга багытталган.