
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кызматташтык маселелери каралды
Президент Садыр Жапаров Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" кабарлашты. Маалыматка ылайык, өлкө башчылары кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле саясий диалогду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө даярдыгын ырасташкан.