
2026-жылдын 22-майында болжол менен саат 19:10дор чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Манас шаарындагы Барпы Сейил, Эркиндик, Курортная жана Токтогул көчөлөрүндө жайгашкан үйлөрдүн короолорун жаан суулары каптады
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, алдын ала эсептөөлөр боюнча 24 үйдүн короосу, 3 үйдүн ичи жана 1 үйдүн жер төлөөсү, 2 социалдык объект, 3 мекеменин аймагы жана 5 соода түйүнү жабыркаган. Селдин кесепеттерин жоюу иштерине 338 адам, 14 техника жана 8 мотопомпа тартылып, саат 23:00гө карата 3 турак жайга кирген суу коопсуз жайга чыгарылды. Белгилүү болгондой, ошол эле күнү Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука, Сузак райондорунда, ошондой эле Таш-Көмүр жана Манас шаарларында сел жүрүп, ички жолдорду, көпүрөлөрдү жана үйлөрдү суу каптаган. Азыркы учурда аталган аймактарда Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазариповдун жетекчилиги алдында координациялык иштер уланууда.