
Кыргызстандын КМШга мүчө өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү 9 пайыздан ашык өсүш көрсөткөнү тууралуу маалымдалды
Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев КМШ мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, шериктештиктин экономикалык багыты туруктуу түрдө өнүгүп жатат.
«Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 2025-жылы 7 млрд доллардан ашып, 2024-жылга салыштырмалуу 9%дан жогору өскөн», — деди ал.
Соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү максатында минкаб төрагасы бир катар сунуштарды ортого салды. Алардын арасында өз ара соода шарттарын жакшыртуу жана административдик тоскоолдуктарды жоюу, тышкы соода операцияларын санарип форматка өткөрүү, ишенимдүү транзитти камсыздоо, ошондой эле аймактарды бириктирген жаңы транспорттук концепцияны колдоо бар. Мындан тышкары, ал Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу соода хабын түзүүдө стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи. Жыйындын соңунда Адылбек Касымалиев КМШ өлкөлөрүн Кыргызстанда өтө турган Ысык-Көл эл аралык форумуна жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды. Жыйынтыгында бир катар биргелешкен документтерге кол коюлду.