
.
Эсептөө палатасы Ош шаарынын 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышын текшерип, бир катар каржылык мыйзам бузууларды аныктады. Аудиттин материалдары прокуратурага жөнөтүлүүдө.
Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, шаардык бюджеттин аткарылышы боюнча жыйынды баланс талаптагыдай түзүлүп, бекитилген эмес. Ушундан улам аудиторлор мэриянын каржылык отчетунун толуктугу жана тактыгы боюнча корутунду бере алышкан эмес.
Текшерүүнүн жүрүшүндө мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен тиешелүү документтери жок 3,6 млрд сомдук курулуш иштери башталганы белгилүү болгон. Мындан тышкары, подряддык уюмдарга 2,5 млрд сомдон ашык карыз топтолгон.
Каржылоо булагы аныкталбаган бүтпөй калган курулуш объектилеринин жалпы наркы 3 млрд сомдон ашканы аныкталган.
Аудиторлор ошондой эле объектилерди шашылыш түрдө буздуруунун кесепетинен мамлекет 11,5 млрд сомдон ашык компенсация төлөөгө милдеттүү болуп калышы мүмкүн экенин белгилешкен.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы Ош шаарынын бюджетинин кирешеси 6,3 млрд сомго көбөйгөн. Бирок бул өсүштүн дээрлик 95 пайызы республикалык бюджеттен түшкөн каражаттардын эсебинен камсыздалган.



