
.
Бишкекте балалуу аялды мылтык менен коркуткан киши кармалды
Маалыматка ылайык, окуя 29-октябрда саат 10:25 чамасында Айтматов проспекти менен Горький көчөсүнүн кесилишинде болгон. Машинадагы киши келинди сөгүп, ага курал кезеп, атып салам деп коркутканы тууралуу билдирүү милицияга түшкөн.
"Бейбаштык" беренеси менен иш козголуп, 37 жаштагы С.Б. Ленин райондук бөлүмгө жеткирилген. Курал алынып, автоунаасы айып короого токтотулган.



