
.
Бишкек шаарында баңгизаттарды сатуучу интернет-дүкөндү жарнамалаган QR-коддорду коомдук жайларга чаптап жүргөн үч жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө үч жарандын борбор калаадагы сейил бактарда, эстеликтерде жана имараттарда баңгизаттарды жарнамалаган QR-коддорду чаптап жүргөнү аныкталган.
2026-жылдын 30-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 287-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Ошол эле күнү шектүүлөр — Б.Д.Т., С.Г.Г. жана О.К.А. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалгандар Telegram мессенджериндеги «C» аталышындагы каналга катталып, 2026-жылдын октябрь айынан тартып чаптаган ар бир жарнамасы үчүн криптовалюта түрүндө акы алып турушканы аныкталган.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.



