
.
Жогорку Кеңештин депутаттары «Жол кыймылы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунушташты.
Демилгеге ылайык, салмагы 3,5 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалар калктуу конуштардан тышкаркы жолдордо саатына 50 чакырымдан жогору ылдамдыкта жүргөндө алдыдагы унаадан кеминде 50 метр аралыкты сактоого тийиш болот.
Мындай талап башка автоунаалардын жүк ташуучу унааларды ашып өтүп, өз тилкесине коопсуз кайтып кирүүсүнө шарт түзүү максатында сунушталууда.
Эрежени бузган айдоочуларга 1 миң сом айып салуу каралган.
Буга чейин трассаларда жүк ташуучу унаалардын бири-бирине өтө жакын аралыкта жүрүшү жол кыймылына кооптуулук жаратып жатканы тууралуу даттануулар түшүп келген.



