
архивдик сүрөт
Бүгүн Бишкектеги Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил багында ”Эстелик отун“ өткөрүп берүү боюнча салтанаттуу иш-чара өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, коомдук жана ардагерлер уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле борбор калаанын тургундары катышты.
Аземдин алкагында митинг өткөрүлүп, Улуу Ата- Мекендик согуштун баатырларына урмат көрсөтүү максатында гүлчамбарлар коюлду.