
.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас токой чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Иш сапардын жүрүшүндө министр токой чарбасынын кызматкерлери менен жолугушуп, токой тармагын өнүктүрүү, көчөт өстүрүүнүн сапатын жогорулатуу жана жазгы токой отургузуу иштерине даярдык көрүү маселелерин талкуулады.
Ошондой эле мекеменин кеңсесин, жабык тамыр системасы менен өстүрүлүп жаткан көчөттөрдү жана токой үрөндөрүн, көчөттөрдү, жашылча-жемиштерди сактоочу муздаткычты көрүп чыкты.
Жолугушуунун жыйынтыгында министр көчөтканаларда көчөттөрдү жабык тамыр системасы менен өстүрүүгө өткөрүү, сапаттуу көчөттөрдү даярдоо, токой үрөндөрүн туура сактоо жана жазгы токой отургузуу иштерине өз убагында даярдык көрүү боюнча тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, Талас токой чарбасы 1947-жылы уюшулган. Учурда анын жалпы аянты 36 миң 807 гектарды түзүп, анын 18,6 пайызы токой менен капталган.
Токой чарбасында арча, бака-терек, кара жыгач, мырза терек жана ар кандай бадалдар өсөт. Мекеме Талас, Кең-Көл, Арал жана Кара-Дөбө токойчулуктарын камтыйт.
Бүгүнкү күндө өлкө аймагындагы токойлорду коргоо, сактоо жана натыйжалуу башкаруу иштерин 40 токой чарбасы, бир токой-аңчылык чарбасы жана бир токойлорду коргоо жана сактоо станциясы жүргүзөт.