
Майрам күндөрү Бишкек автобекетинде каттамдардын саны эки эсеге көбөйөт.
2026-жылдын 30-апрелинен тартып майрам күндөрүнө байланыштуу Бишкек автобекети каттамдардын саны көбөйтүлөт.
Негизинен Ысык-Көл жана Нарын багыттары боюнча шаарлар аралык каттамдар эки эсеге чейин көбөйөт. Иш күндөрү бул багыттарга 100гө жакын унаа чыкса, майрам күндөрү алардын саны кыйла өсөт.
Автобекет күн сайын саат 07:00дөн 23:30га чейин иштейт. Күндүз кичи автобустар каттаса, кечки убакта чоң автобустар кошумча каттамдарды аткарат.
Мындан тышкары, Алматы, Тюмень, Кашгар жана Артуш багыттары боюнча эл аралык каттамдар үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Ал эми Ак-Кула автобекетинен Талас облусуна жана Ташкент, Джизак шаарларына каттамдар уюштурулган.
Ошондой эле 15-майдан 15-октябрга чейин сезондук каттамдар ишке кирип, Ысык-Көл, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен багыттары боюнча кошумча кичи автобустар жүрө баштайт.