
Катран айылында жаңы суу системасы курулуп, 7 миңден ашуун тургун таза суу менен камсыз болот.
Баткен облусунун Лейлек районундагы Катран айылында “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ичүүчү суу системасын куруу иштери башталды.
Долбоордун максаты — айыл тургундарын жөн гана суу менен камсыз кылуу эмес, коопсуздук талаптарына жооп берген туруктуу суу системасын түзүү. Ар бир үйгө суу киргизүү калктын жашоо шартын жакшыртууда маанилүү кадам болуп саналат.
Курулуш иштерин 2027-жылдын экинчи кварталында аяктоо пландалууда. Долбоор ишке ашкандан кийин 7 миңден ашуун тургун таза жана үзгүлтүксүз ичүүчү суу менен камсыз болот.
Бул өз кезегинде санитардык абалды жакшыртып, жугуштуу оорулардын алдын алууга өбөлгө түзөт.