
Чоң-Кемин жаратылыш паркындагы мыйзамсыз берилген жер тилкеси жана мүлк мамлекетке кайтарылды.
Кемин району прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Чоң-Кемин жаратылыш паркы аймагындагы өндүрүштүк база жана ага тиешелүү 1 гектар жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды.
Текшерүү 2013-жылы мыйзам талаптары бузуу менен берилген мүлктү камтыган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде жалпы баасы 103 млн сомдон ашкан турак жай жана жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.