
Бишкектин 148 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар башталып, концерттер жана фестивалдар өтүүдө.
2026-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында Шаар күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар расмий түрдө башталды. «Тунгуч» театрында борбор калаанын 148 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын өттү.
Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев, шаардык кеңештин төрагасы Бекжан Усеналиев, ардактуу жарандар жана муниципалдык кызматкерлер катышты. Шаар башчысы куттуктоо сөзүндө Бишкектин акыркы жылдардагы өнүгүүсүнө токтолуп, инфраструктура, билим берүү жана экология багыттарындагы өзгөрүүлөрдү белгиледи.
Ошондой эле 2050-жылга чейинки Башкы план бекитилгени айтылып, шаарды узак мөөнөттүү өнүктүрүү максаттары белгиленди.
Салтанаттын алкагында шаарды өнүктүрүүгө салым кошкон жарандарга сыйлыктар ыйгарылып, концерттик программа тартууланды.
Майрамдык иш-чаралар шаардын бардык райондорунда уланууда. Негизги концерт Ала-Тоо аянты өткөрүлүп, кечинде «Вальс кечеси» фестивалы уюштурулат.