
Бишкекте муниципалдык кызматтарга жаңы автоунаалар жана электровелосипеддер тапшырылды.
2026-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында Шаар күнүнө карата мэриянын алдында муниципалдык түзүмдөргө жаңы кызматтык техникаларды тапшыруу аземи өттү.
Шаар мэри Айбек Джунушалиев 11 даана кызматтык автоунаанын жана 10 заманбап электровелосипеддин ачкычтарын тиешелүү мекемелерге тапшырды. Жаңы техника шаардык кызматтардын мобилдүүлүгүн жогорулатууга жана иштин натыйжалуулугун арттырууга багытталган.
Автоунаалар шаардык департаменттерге жана муниципалдык ишканаларга бөлүштүрүлсө, электровелосипеддер муниципалдык инспекциянын кызматкерлерине берилди. Бул шаардагы тартипти көзөмөлдөөнү жана ыкчам аракеттенүүнү жакшыртууга шарт түзөт.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында мэриянын алдындагы фонтан реконструкциядан кийин кайра ишке киргизилип, фонтан сезону расмий ачылды.