
Бишкекте Шаар күнүнө карата Бишкек баатырдын эстелигине гүл коюу аземи өттү.
Бишкек шаарынын күнүнө карата уюштурулган расмий иш-чаралардын алкагында Бишкек баатырдын эстелиги гүл коюу аземи болуп өттү.
Аземге шаар мэри Айбек Джунушалиев, шаардык кеңештин төрагасы Бекжан Усеналиев, мэрдин орун басарлары, Бишкек баатырдын урпактары жана шаар тургундары катышты.
Иш-чарадан кийин катышуучулар Жаштык аренасы барып, объекттин шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты.
Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин жаш депутаттары менен жолугушуу өтүп, жаштар демилгелерин колдоо жана аларга шарт түзүү маселелери талкууланды. Муниципалитет тарабынан жаштар уюмуна кеңсе бөлүнүп берилип, алардын коомдук жана саясий активдүүлүгүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнү белгиленди.