
Баткенде ишкерлердин укуктарын коргоо жана мыйзам бузуу фактылары боюнча кеңешме өттү.
Баткен облусу прокуратурасы ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңештин кезектеги отурумун өткөрдү.
Отурумду облустук прокурор А. Молдокматов жетектеп, ишкерлер туш болуп жаткан көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланды.
Ишкерлердин укуктарын коргоо прокуратуранын артыкчылыктуу багыттарынын бири экени белгиленди. 2025-жылы жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 577 мыйзам бузуу аныкталып, 247 кызмат адамы жоопкерчиликке тартылган.
Талкуунун жүрүшүндө мыйзамдардын аткарылышын күчөтүү жана ишкердик чөйрөдө туруктуу шарттарды түзүү маселелери каралды.