
Ак-Талаа районунда жазгы айдоо иштери жүрүп, жүгөрү өстүрүү кайра жанданууда.
Нарын облусу Ак-Талаа району аймагында жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат. Райондо жалпы 15 216,5 гектар айдоо жери бар.
Анын ичинен буудай, арпа, сулу, сафлор, картошка, жашылча жана көп жылдык чөп сыяктуу айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоо пландалган.
Акыркы жылдары райондо жүгөрү айдоо кайра жандандырылып, мурда дээрлик 30 жыл колдонулбай келген бул багыт акырындап калыбына келүүдө