
Ак-Суу районунда 24 миң гектардан ашуун жер айдалып, жазгы талаа иштери активдүү жүрүүдө.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жазгы талаа иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Райондо жалпы 45 977 гектар айдоо жер бар болсо, анын 24 483,5 гектары айдалып бүттү.
Айдоо аянттарынын негизги бөлүгүн арпа (12 509 га), жаздык буудай (6 351 га), көп жылдык чөп (9 407 га) жана картошка (3 176,5 га) түзөт. Мындан тышкары чеснок, сафлор, буурчак жана силостук жүгөрү да айдалууда.
Учурда райондо үрөн жана күйүүчү май жетиштүү болуп, талаа иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүгө шарт түзүлгөн.