
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинде “Ягодный союз” бирикмесинин башкы директору Игорь Бугорский менен жумушчу жолугушуу өтүп, мөмө-жемиш багбанчылыгын өнүктүрүү жана экспорттук мүмкүнчүлүктөр талкууланды.
Жолугушууда экспортко багытталган алчанын жаңы сортторун өстүрүү, туруктуу жеткирүү чынжырын түзүү, заманбап агротехнологияларды киргизүү жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери каралды.
“Ягодный союз” фермерлерди сапаттуу көчөттөр менен камсыздап, агрономдорду окутууга жана тармакка методикалык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Тараптар мөмө-жемиш тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып, кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилешти.