
Ат-Башы районунда Арашан койлорунун жарманкеси өткөрүлдү. Иш-чара райондук айыл чарба башкармалыгы жана Арашан жамаатынын демилгеси менен уюштурулду.
Жарманкеге Нарын жана Чүй облустарынан келген фермерлер катышып, 100дөн ашуун арашан койлору сунушталды. Малдын сапаты, салмагы жана тукумдук өзгөчөлүктөрү тааныштырылып, соода-сатык жигердүү жүрдү.
Иш-чара фермерлерге тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүп, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө өбөлгө болду.