
Садыр Жапаров 21-апрелде Сауд Арабиясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ияд бин Гази Хакимди ишеним грамотасын тапшыруусуна байланыштуу кабыл алды.
Мамлекет башчысы элчини дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, Сауд Арабиянын дүйнөлүк саясий жана экономикалык мейкиндиктеги, ошондой эле аймактык коопсуздукту камсыздоодогу маанилүү ролун белгиледи.
Ошондой эле ал Сауд Арабия Кыргызстан үчүн боордош өлкө экенин жана Жакынкы Чыгыштагы негизги өнөктөштөрдүн бири болуп саналарын баса белгиледи.



