
2026-жылдын 9–15-апрелинде Бордо шаарында өткөн кыздар арасындагы 15-Европалык математика олимпиадасында (EGMO) Кыргызстандык окуучу Камила Алиярова коло медаль тагынды.
Ал «Газпром Кыргызстан» мектебинин 10-классынын окуучусу болуп, татаал тапшырмаларды ийгиликтүү аткарып, өлкөнүн намысын татыктуу коргоду.
Улуттук курамга ошондой эле Диана Ким, Рамиля Бозова жана Ангелина Ким кирген. Команданы Мамат Ишматов жетектеген.
Бул жетишкендик Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ — EGMO тарыхындагы экинчи коло медаль болуп эсептелет.



