
2026-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги “Мугалим” автоматташтырылган маалыматтык системасынын негизинде педагогдорду ведомстволук сыйлыктарга тандоонун санариптик механизмин ишке киргизди.
Жыйынга министр Догдуркүл Кендирбаева жана анын орун басарлары катышып, жаңы системанын мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Демилге Садыр Жапаров тарабынан коюлган санариптештирүү аркылуу коррупцияны жана бюрократияны азайтуу тапшырмасынын алкагында ишке ашырылууда.
Жаңы механизмге ылайык, талапкерлер жеке кабинети аркылуу өзүнүн жетишкендиктерин жүктөйт. Система маалыматтарды автоматтык түрдө текшерип, белгиленген критерийлер боюнча балл эсептеп, жыйынтык чыгарат. Бул ыкма адам факторун жокко чыгарып, ачык-айкындуулукту жана калыстыкты камсыздайт.
Белгиленгендей, жаңыланган система быйыл алгачкы жолу акыркы коңгуроо салтанатында колдонулуп, мыкты мугалимдер ортомчусуз сыйлыктарга ээ болушат.



